Биздин тарых


grndung-und-anfnge_01
1933
Йозеф Попп- азыркы башкарманын Төрагасынын , профессор Михаэль А.Попп чоң атасы компанияны Нюрнбергде негиздеген. Дарылык өсүмдүктөргө чындап кызыккан Йозеф Попп ошол мезгилде болгон бардык тиешелүү маалыматты изилдеген жана жетишкендиктерге токтолуп калууну каалаган эмес. Попп жасаган дарылык чөптөрдүн алгачкы баяндамасы азыркы фитофармацевтикалык препараттардын негизин түздү. Биринчилерден болуп төмөнкү продуктылар иштелип чыккан: мурундун кошумча көңдөйлөрдүн сезгенүүсүнө каршы күрөшүү үчүн Синупрет жана жана дем алуу жолдорунун жугуштуу ооруларын дарылоо үчүн Тонзилгон Н .

1945
Компанияны башкаруу үчүн династиянын экинчи муунунун өкүлдөрү келди: фармацевт Эрна Попп жана врач-натуропат д-р Ханс –Оскар Попп. Эрна Попп продукциянын өнөр жайлык чыгарылуусун жөнгө салып, аны сатуунун тармагын уюштурду. Көп жылдык врачтык тажрыйбасынын аркасында д-р Ханс Оскар Попп компания чыгарган продуктыларды иштеп чыгууда олуттуу салым кошту.

fortschritt-und-forschung_02
1970
Иштеп жаткан врачтарга жардам көрсөтүү үчүн “Бионорика СЕ” илимий –кеңеш берүүчү тармакты түздү.

1979
“Бионорика СЕ” дарылык өсүмдүктөрдүн негизиндеги препараттарды эки катар сокур метод менен жүргүзүлө турган контролдуу изилдөөлөрдө сынаган алгачкы компаниялардын бири болуп калды. Илимий изилдөөлөр компания үчүн улам өсүп жаткан мааниге ээ.

1988
Компанияны профессор Михаэль Попп башкара баштагандан кийин “Plantamed Arzneimittel” өндүрүштүк компаниясы Нюрнбергден Ноймарктка (Бавария) көчүрүлгөн . Нюрнбергдин борборунда болгон жайлар компаниянын келечектеги өнүгүүсү үчүн өтө эле тар болуп калды.

1989
Профессор Мизхаэль Попп “Бионорика СЕ” компаниясынын башкармасынын Төрагасы болуп калды. Компанияны негиздөөчүнүн небереси аны кеңейтүү боюнча курсту жүргүзүп, өсүмдүктөрдү өстүрүү, аналитикалык методологиянын, фармакологиянын жана токсикологиянын , ошондой эле клиникалык сыноолор жаатындагы интенсивдүү сыноолорду жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт. 1990-жылдын жайында “Бионорика СЕ” дагы Ноймарктка көчүрүлөт. Жаш фармацевттин башкаруусунун алдында компания фитомедицина жаатындагы пионер болуп калды.

internationalisierung-und-expansion_03
1993
Компаниянын Германиянын чегинен чыгуусунун натыйжасында Будапештте ( Венгрия), “Бионорика СЕ” компаниясынын менчик заводдорун башкара турган Herbextract жана Mediplant компаниялары негизделген.

1995
Сатуу боюнча улуттук жана эл аралык шериктер менен кызматташтык аркылуу бизнести Германиянын чегинен тышкары кеңейтүү . Дарылык өсүмдүктөрдү өстүрүү жана атайын экстракттарды (сыгындыларды) чыгаруу үчүн Майоркада «Бионорика Extracts S.L компаниясы негизделген.

1996
“Бионорика СЕ” компаниясы үчүн өтө маанилүү чек: кадимки кычкыл козу кулактын негизинде Синупрет R препараты иштелип чыккан. Мурда бул өсүмдүктүн сезгенүүгө каршы касиеттери белгисиз болгон. Ошондой эле примула менен вербенанын вируска каршы аракети ачылган.

1997
“Бионорика СЕ” уруктарды жогорку деңгээлди жана сапатты камсыз кылуу менен селекциялоодон баштап өстүрүүгө жана экстракциялоого чейинки бүткүл өндүрүштүк процессти стандартташтырган. Компания Москвада өкүлчүлүгүн ачты.

1998
“Бионорика СЕ” Пекинде жаңы туунду компанияны негиздеди.

etablierung-und-wachstum_04
1999
Дем алуу жолдорунун ооруларына каршы каражаттарга кошумча болуп, гинекологиялык препараттарды ийгиликтүү чыгаруу башталды. Ыйык Витекстин изилдөөлөрү изилдөө иштеринин башкыларынын бири болуп калды. Ушул жылы “Бионорика СЕ” компаниясы ПМСтин, фиброздук –кисталык мастопатиянын жана мастодиниянын симптомдорун алсыздантуучу анын активдүү ингредиенттерин идентификациялайт.

2001
“Бионорика СЕ” ачык акционердик компанияга айланды. Өсүмдүктөр (phyto) жана азыркы мезгилдин технологияларынын (engineering) ортосундагы өз ара байланыш “Бионорика СЕ” компаниясынын жаңы девизинде өз айтылышын тапты: фитонирингдик компания (phytoneering company). 
Киевде өкүлчүлүк ачылды.

2002
Delta 9 Pharma (“Бионорика СЕ” тобунун компанияларынын бири) Германиянын рыногуна кендирден (кара куурайдан) фармакологиялык эффективдүү компонентти чыгарды. Активдүү зат таза түрүндө фармацевттерге дарыны жасоо үчүн комплект менен чогуу жөнөтүлөт. Каннабиноид ооруганда, склероздо же ракта жана ВИЧ-инфекцияда кошумча дарылоо катары дайындалат.

2003
11-13-сентябрда “Бионорика СЕ” компаниясы өзүнүн негизделгендигинин 70 жылдыгын майрамдады.
Компания өз өкүлчүлүктөрүн Беларуссияда (Минскиде ) жана Казакстанда ачты.

2005
Инсбрукта дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо жана склероз же булчуңдун карышуусу бар пациенттердеги ооруларын басаңдатуу үчүн препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенген Австриядагы адгначкы жеке уюм Бионорика Research GmbH ачылышынын аземи болуп өттү.

2007
Проф. М.Попп ар кандай өлкөлөрдөгү балдар үйлөрүндөгү жана ооруканалардагы оорулуу балдарга жана жетим балдарга жардам берүүчү “Фитокидс” фондун уюштурду. Өз ишмердигинин алкактарында Фонд балдар ооруканаларында , анын ичинде Москвада жана Ростов Дондо бир нече оюн бөлмөлөрүн ачкан. Дагы бир оюн бөлмөсү ушул жылы Санкт Петербургдун балдар ооруканасында ачылат.

2007
Германиянын Ноймаркт ш. компаниянын штаб-квартирасынын жаңы имараты ачылган. Бул имарат уникалдуу долбоор болуп эсептелет, анткени ал экологиялык таза материалдар жана технологияларды колдонуу менен, курчап турган чөйрөнү коргоонун жана адамдардын саламаттыгы жана коопсуздугу боюнча камкордуктун принциптерине ылайык курулган. “Жаратылышты эксплуатациялоонун ордуна биз болгону анын ресурстарын акыл –эс менен пайдаланып гана жатабыз- дейт проф. М.Попп, компания Бионорика СЕ ушул концепцияны колдойт жана ал биздин офистик имараттын долбоорунда өз чагылдыруусун табуусун каалайт.

2008
Бионорика СЕ 75 жылдык мааракесин майрамдады. Компаниянын туулган күнүнө Германиянын экономика жана технологиялар министри, белгилүү саясатчылар жана ишкерлер, Европанын, Азиянын жана Американын ар кандай өлкөлөрүнөн медицинанын ар кандай жаатындагы алдыңкы адистер чакырылган.
Ушул эле жылы проф. М.Попп Германиянын “Жылдын мыкты ишкери” (Ernst&Young) сыйлыгын алды.

2009 июль
Бионорика СЕ биринчи жолу Москвада өтүп жаткан педиатрлардын Европалык конгрессинин күмүш демөөрчүсү болуп калды. Германиядан келишкен Эрланген шаарынын Балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар жана алдын алуучу медицина кафедрасынын проф. Гуггенбихлер, Кельн шаарындагы ЛОР клиникасынын башкы врачы проф. Мауне жана Ноймаркт шаарындагы Бионорика СЕ компаниясынын СЕО проф. Попп өз баяндамаларында балдарды дарылоодо фитопрепараттардын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү жөнүндө жаңы маалыматтарды беришти.

Ушул эле айда “Бионорика СЕ” компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана патенттелген “фитониринг” концепциясынын 10 жылдык мааракесине байланыштырылган фитотерапия боюнча эл аралык симпозиум өткөрдү. Симпзиумдун алкактарында Россиядан жана Европанын башка өлкөлөрүнөн келишкен, Американын жана Кытайдын врач-эксперттери “Бионорика СЕ” компаниясынын препараттары менен иштөөдөгү жүргүзүлгөн клиникалык байкоолордун натыйжалары менен бөлүштү.

2010
Бионорика СЕ (Bionorica AG) европалык компания катары өзүнүн юридикалык формасын өзгөртөт – Societas Europaea, жана азыркы учурда башкы офиси Ноймаркта жайгашкан Бионорика СЕ ((Bionorica SE) деп аталат.

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта