“Phytokids” фонду


logo_phytokids_stiftungbild_132_phytoland_moskau“Phytokids” фонду –оорулуу жана жетим балдарга жардам
Эгерде биз балдарга жашоого болгон сүйүүсүн кайтарып берүүнү камсыз кылуу үчүн өз салымыбызды кошо алсак, анда биз дүйнөнү жакшыртуу үчүн ак ниет салым кошкон болобуз” деп, профессор Михаэль Попп, Бионорика SE директорлор кеңешинин төрагасы, өзүн “Phytokids” фондун түзүүгө эмне түрткү болгондугун түшүндүрөт. 2007-жылы түзүлгөн фонддун максаты бүткүл дүйнө боюнча ооруканалардагы жана балдар үйүндөгү балдарга жана өспүрүмдөргө багууга жана колдоого жардам көрсөтүүдө турат.

“Phytokids” фонду кайсы жерде өтө муктаж болгон жана жетим балдар болгон жерлерде өзгөчө активдүү иштейт. Ошондуктан биринчи долбоорлор шарттары көп учурларда кооптуу жана тез калыбына келүүгө, айрыкча мындай кичинекей пациенттер үчүн анчалык ылайыктуу келбеген Чыгыш Европадагы көп сандаган балдар ооруканаларын колдогон.

Фонд ыкчам талап кылынуучу медициналык инструменттерди жана дары-дармектерди , ошондой эле балдар жашап жана дарыланып жатышкан имараттарды калыбына келтирүү үчүн каржылоону берет.

133_phytoland_gelsenkirchen

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта