Бионорика компаниясынын башкы офиси (кеңсеси)


unternehmenБиз жаратылыш ресурстарын эксплуатация кылууну каалабайбыз, аларды рационалдуу пайдаланабыз. Бул өзүнүн аракеттерин негиздеген принцип, жана бул ошондой эле биздин штаб-квартирада чагылдырылышы керек, деп Бионорика компаниясынын төрагасы , профессор Михаэль Попп айтат.

2007-жылдын июлунда Бионорика компаниясынын штаб- квартирасынын курулушу менен алектенген курулуш компаниясына болгон талаптар өтө жогору болгон: биринчиден, бул максатта колдонулган анын конструкциялары жана материалдары курчап турган чөйрөгө минималдуу жүктөмдү алып келиши керек, жана, экинчиден, имарат канча энергияны керектесе , ошончо энергияны өндүрүүсү керек. Башында курулушту жүргүзгөн архитектор Вольфганг Бреммер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча белгилүү агенттиктин директору профессор Михаэль Браунгарт турган абройлуу команда тарабынан Германия үчүн эч мурда болуп көрбөгөн курулуш долбоору эксплуатацияга киргизилген.

Альтернативалуу энергиянын татаал түшүнүгүнүн жардамы менен , бул долбоор талап кылган жана Бионорика компаниясынын философиясын чагылдырган бардык шарттар аткарылган болчу.

Имарат канча энергияны керектесе, ошончолук энергияны өндүрө тургандыгын жогорку технологиядагы күн жабдууларынын аркасында ишенүүгө боло тургандыгы мүмкүн. Имараттын чатыры жана фасады эң жаңы муундагы күн элементтери менен капталган. Бул күндүн нурунун чатыр аркылуу абсорбцияланбастан, имараттын бардык сырткы капталышына бөлүнүп кете тургандыгын билдирет. Ушул максат менен фотоэлектрдик системалар түздөн-түз терезелердин айнектерине интеграцияланган.

Бул системаларда колдонулуучу заманбап технологиянын жана кайра жаңыртылуучу ресурстарды пайдалануунун аркасында , Бионориканын штаб –квартирасына зарыл болгон жылуулукту өндүрүү жана абаны кондициялоонун дээрлик бардыгы углероддук-нейтралдык болуп эсептелинет. Ошону менен компания жыл сайын казып алуучу отунга салыштыруу менен 1100 тоннага жакын көмүркычкыл газын үнөмдөйт.

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта