Бионорика Казахстанда жана Кыргызстанда


Бионорика Евразия аймагынын жетекчиси: Матиас Клаус
Матиас_Клаус

Казакстандагы жана Кыргызстандагы Бионорика СЕ Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Калиниченко Оксана Юрьевна.
Оксана_Юрьевна

Акыркы жылдары “Бионорика СЕ” компаниясы өз ишмердигин эң мурда Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө кеңейтти жана активдештирди. Мына ошентип, Украинада (2001), Белоруссияда (2002), Казакстанда (2003) жана Өзбекстанда ( 2005 ) “Бионорика СЕ” компаниясынын өкүлчүлүктөрү ачылган.

2003-жылдын март айында Казакстан Республикасында “Бионорика СЕ” компаниясынын Өкүлчүлүгү ачылган. Биздин жолубуздун алгачкы башталышында эле негизги артыкчылыктуу багыт болуп фитофармацевтикалык рыноктогу лидерлик орунга жетүү тандалып алынган.
Бул жол өтө татаал жана көп эмгекти талап кылды, бирок күчтүү эрк жана Өкүлчүлүктүн жамаатынын коюлган максатка жетүүгө умтулуусу фитопрепараттар сегментиндеги фармацевтикалык рыноктогу лидерлердин бири кылып чыгарды. Азыркы учурда бизде Казакстандын бардык шаарларында 60 тан ашуун кызматкерлер иштеп жатышат. Биз бардык алдыңкы медициналык ЖОЖ дор, илимий борборлор менен кызматташтыктабыз.

Жыл сайын биздин Өкүлчүлүк республикада өткөрүлүп жаткан Эл аралык илимий-практикалык конференцияларда, симпозиумдарда, форумдарда жана семинарларда активдүү катышып жүрөт. Опинион лидерлер жана дистрибьюторлор менен активдүү иш жүргүзүлүп жатат. Биздин препараттар адамдын ар кандай ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн коопсуз жана эффективдүү дары-дармек каражаттары катары көрсөтө алышты.

Казакстандагы “ Бионорика СЕ” компаниясынын Өкүлчүлүгүнүн алгачкы катталган препараттарынын бири болуп “Климадинон” жана “Мастодинон” препараттары эсептелет. Андан кийин 2003-жылдын июнуна карата “Синупрет” , “Тонзилгон” жана “Канефрон Н” каттоодон өткөн. 2003-жылдын октябрында биздин компаниянын дары-дармек препараттарынын биринчи жөнөтүүсү ишке ашырылган.2013 –жылы биз Казакстан рыногундагы ийгиликтүү ишибиздин 10 жылдыгын белгилейбиз.

Казакстандагы Бионориканын башкы кыймылдаткыч күчү- бул өлкөнүн ар бир регионунда компанияны татыктуу көрсөтүп жатышкан кесипкөй жана көңүл кош эмес адамдардын командасы. Бардыгыбыз үчүн команда-бул экинчи үй-бүлө, балким ошондуктан Өкүлчүлүктө кадрлардын агымы дээрлик байкалбайт, ар кимиси өз ишин сүйөт. Ар бир жаңы кызматкер ишинин алгачкы күнүнөн баштап эле кесипкөйлүк жактан гана өсүп, өркүндөбөстөн, руханий дагы өркүндөйт, анткени чыныгы командада биринчи кезекте адамдык потенциал өнүгөт эмеспи.
Биз Кыргызстанда аз убакыттан бери иштеп баштадык жана кыска мөөнөт ичинде жакшы натыйжаларга жетиштик. Биздин кызматкерлер Бишкек жана Ош шаарларында ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошондой эле Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы жана алдыңкы илим-изилдөө борборлору менен кызматташтык түзүлгөн.

2014 –жылы Монголиянын фармацевтикалык рыногуна чыгуу пландаштырылган.

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта