Компаниянын жетекчилиги


Башкы директор жана директорлор кеңешинин төрагасы : профессор д-р Михаэль А.Попп

Prof. Michael Popp, Bionorica SE, MSCN1988 –жылы 28 жаштагы фармацевт Михаэль А.Попп өзүнүн чоң атасы Йозеф Попп 1933 –жылы негиздеген компанияны башкарууну өзүнө алган.
Ал компанияны бүткүл дүйнөдө өсүмдүктөрдөн алынуучу дары-дармек каражаттарын өндүрүүчүлөрүнүн алдыңкыларынын бири катары көрсөтөт жана “фитониринг” термининин киргизген. Бул термин дары-дармек өсүмдүктөрүнүн эффективдүүлүгү жана азыркы мезгилдеги фармацевтикалык изилдөөлөрдүн потенциалынын ортосундагы байланышты билгизет. Бул интенсивдүү изилдөөлөрдүн процессинде компаниянын негизги баалуулуктары болгон дары-дармек каражаттарынын эффективдүүлүгү, сапаты жана коопсуздугу аныкталат. Бүгүнкү күндө анын жетекчилигинин алдында компания алдыга жылып жатат жана компаниянын жүгүртүүлөрү жылдан жылга көбөйүүдө.

Маркетинг жана сатуулар боюнча директор : д-р Уве Бауманн

Dr. Baumann, Bionorica SE, MSCNУве Бауманн микробиология жана биохимия чөйрөсүндө докторлук даражага ээ жана эл аралык фармацевтикалык компанияларда жетекчи кызматтарда иштеген. 2004-жылы д-р Бауманн Бионорика компаниясынын маркетинг жана сатуулар боюнча директору болду.
2005 –жылдан тартып ал маркетинг жана сатуулар боюнча глобалдык башкарманы жетектейт. Аны жетекчилиги менен компания эл аралык рынокто зор ийгиликтерге жетишти.

 
 
 
Финансы жана IT боюнча директор : д-р Михаэль А.Редель

Dr. Rödel, Bionorica SE, MSCNД-р Михаэль Редель 2007-жылдан тартып Бионорика СЕ компаниясынын финансы боюнча директорунун кызматын ээлейт.Д-р Редель экономика жаатында докторлук даражага ээ жана улуттук жана эл аралык рынокко багытталган компанияларда лидерлик өңүттөрдү көп жылдары ээлеп келген.
Бионорика СЕ компаниясынын финансылык департаменти азыркы учурда эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилген жана анын жетекчилигинин алдында туруктуу жана глобалдуу өсүш үчүн структура ишке киргизилген.

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта