Тимьян


Post Thumbnail

Тимьян 30 дан 50 см. ге чейинки бийиктикте өсөт жана тик өскөн, абдан бутактаган жана жыгачтуу бутактардан турат. Анын кочкул жашыл , ланцет сымал жалбырактары кийиз сымал узундугу сантиметрлик түктөр менен капталган жана четтери төмөн карай кайрылып турат. Тимьяндын гүлдөө сезону болгон май- июнь ичинде анын кичинекей, ачык –жашыл жана фиолет түстөгү гүлдөрү пайда болот. Тимьян үчүн эфир майларынын интенсивдүү, жагымдуу ароматы мүнөздүү. Тимьян жапайы жаратылышта өсөт жана Франциянын, Испаниянын жана Италиянын түштүгүндө кезигет. Тимьянды пайдалануунун байыркы салты биздин эрага чейин жашаган Гиппократка чейин жетет. Ал негизинен астма жана демдин кыстыгуусу (көк жөтөл) сыяктуу ооруларды дарылоо үчүн жана ичеги –карын ооруларын дагы дарылоо үчүн сунуш кылынган. Өзүнүн жагымдуу ароматынын аркасында, тимьяндын кургатылган жалбырактары кулинарияда татымал катары дагы колдонулат. Тимьян азыркы мезгилде негизинен суук тийгендеги ооруларды дарылоого колдонулат, мисалы, Бронхипрет ® өсүмдүк препаратында компонент катары пайдаланылган. Бронхипрет ® препаратындагы экстракттардын айкашы сезгенүүлөрдү жумшартат, илээшкек эмес секрециянын пайда болуусуна көмөктөшөт жана бронхторго карышууга каршы каражат катары аракет кылат, бул какырыктын чыгышын жеңилдетет, ошондой эле патогендерге каршы аракет кылат.

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта