Вербена


Post Thumbnail

(дарылык вербена) вербена тукумуна кирет. Ал 30 см. ден 75 см. ге чейин бийиктикке жетет. Өсүмдүктүн жогорку бөлүгүндө ичке шиштери жана кичинекей ак жана ачык фиолет түстүү гүлдөрү жайгашкан. Вербена үчүн гүлдөө мезгили –бул июль жана сентябрь аралыгындагы мезгил. Өсүмдүк Европада, Түндүк жана Түштүк Африкада, Америкада жана Борбордук жана Түндүк Азияда өсөт.

Көптөгөн кылымдар бою вербена эң универсалдуу дарылык өсүмдүктөрдүн бири катары эсепелип келген. Элдик медицинадагы башка колдонуулардын ичинде, ал какырык чыгартуучу каражат катары, өнөкөт бронхитти дарылоо үчүн, шишикти жана безгекке жана нерв ооруларына каршы дарылоо үчүн колдонулган.
Башка аракеттердин ичинде, вербенадагы активдүү компоненттер былжырды азайтууга жардам берет жана вируска каршы аракет жасайт.

Аларды сабактын жогорку бөлүктөрүнөн алышат жана аларды гүлдөө маалында чогултушат. Вербена Синупрет ® өсүмдүк препаратындагы маанилүү компонент болуп эсептелет, анда бул дарылык өсүмдүк примула, сары горечавка, кара бузина жана ат кулак менен комбинацияда мурундун кошумча көңдөйлөрүнүн курч жана өнөкөт сезгенүүлөрүн дарылоодо колдонулат.

Drucken
Post Thumbnail
Счетчик посещаемости и статистика сайта